«Кыргызкөмүр» Кара-Кечедеги ишин көрсөтөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Кыргызкөмүр” ишканасы бүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Кара-Кече көмүр кенинде жүрүп жаткан иштер менен тааныштырат.
Шаршемби күнү өкмөт кышка даярдыкты талкуулаганда Бишкек ТЭЦине 240 миң тонна көмүр ташылып келингени айтылган, анын 75% Кыргызстанда өндүрүлгөн.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин алдында иш алып барат. Ал 2012-жылы түзүлгөн жана бюджеттен каржыланган мекеме-уюмдарды, элди таш көмүр менен камсыздайт. Жыл сайын 350 миң тонна көмүр өндүрөт.
Ишкана Нарындын Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде көмүр казуу лицензиясына ээ.
Булак: Азаттык 

Аргумент.kg