«Кыргызавтожол» ишканасынын жетекчилиги 10 млн сомдон ашык каражатты чөнтөгүнө салып алып, сайрандап жүрөбү?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Кыргызавтожол” ишканасынын жетекчилиги 10 млн сомдон ашык каражатты кымырып алган.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 10 млн 263 миң сомдук бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз которуу жана ыйгарып алуу фактысы аныкталган.

Алсак, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жол башкармалыгынын №32 жол тейлөө мекемесинин башчысы Т.М.М. жана “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын директору К.Р.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып “Е.” ЖЧКсынын кызыкчылыгын лоббирлөө менен мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуп, 2020-2022-жылдар аралыгында “Е.” ЖЧКсына бюджеттик каражаттардын эсебинен 24 млн 450 миң сом которуп жиберишкен.

Бирок, көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде аталган подрядчы иш жүзүндө 15 млн 889 миң сомдук гана иштерди аткарган. Мындан сырткары, КР салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, “Е.” ЖЧКсы көрсөтүлгөн мөөнөттө 1 млн 702 миң сом өлчөмүндө мамлекетке киреше болучу кошумча наркка салыкты жашырып, төлөбөй койгондугу аныкталган.

Натыйжада, мамлекетке жалпысынан 10 млн 263 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”), 339-беренеси (“Билип туруп пайдасыз келишим түзүү”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg