Кыргыз жарандарды өзөк жалгоого жана дааратканага барганга уруксат бербей кыйноодо

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Москва шаарында 30 чукул кыргыз жарандарын шылтоосуз эле кармап келишкен. Бул тууралуу орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик билдирди.
⠀Анын айтымында “Царицино” ОИИБда 24-25 жаштагы кыргыз жарандарын күнөөсүз кармап отурушкан.

«Аларды депортация жана физикалык зомбулук менен коркутуп, кылбаган майда бейбаштык боюнча протоколдорго кол коюуга мажбурлоодо. Ошондой эле  500 рубль айып пул төлөөгө мажбур кылышууда.  Котормочу / юрист / консулдук коргоо / кармоонун себептерин, укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү жөнүндө сөз жок. Алар менен бирге кармалган Кыргызстандын кээ бир жарандары бул жасалма протоколдорго кол коюп, айып пул төлөп чыгып кетишкен. Ал эми калган төрт мигран кыргызды кыйноо менен кармап турушат. Алар суу ичип өзөк жалгамак тургай дааратканага барууга да укук ала алышкан жок. Улут аралык мазактоого дуушар болушууда. Аларды “силерге окшогон жымшык көз чуроктордөн Орусияны тазалайбыз” дешкен дейт ал.

Укук коргоочу ушундай кыйноого кабылып жаткан жарандарга төмөнкү телефондорго чалып билдирүүсүн суранат: +74953255500, +74957091000, +74956949229

Аргумент.kg