Улут наркы-улуу тил деген кеп бар. Бирок, улуттун тилин чанган, дилин чанган чала киргиздер арабызда арбып бара жатат. Дегеним, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова тууралуу жазып атып да, айтып атып да чарчадык. Министрликте кыргыз тили өгөйлөнүп атканы боюнча. Өзү кыргыз мамлекетинин министри, кыргыз жараны болуп туруп улуттун тилине карата караманча кайдыгер мамиле жасап, анысы аз келгенсин, улуу тилди келекелеген министр Кутманованын мындай кылыгына эмне деп баа бериш керек, өзү? Тайраңдаган Динара Кутманова кыргыз тилин өстүрмөк түгүл, өгөйлөп атканы, жыйындын баарын орус тилинде алып барып, кыргызча сүйлөгөндөрдү “мырк” дегени жалганбы? Мындай тилбезээр, улутчанаар уйгактарды мамлекеттин бийик бутактарына “кооз чымчык” кылып олтургузуунун канчалык зарылдыгы бар? Коомчулук бул “космополит” министрге баа бериш керек! Эгер мамлекеттин мыйзамдарын сыйлабаса, сыйламак тургай уруп ойнобосо анда Динара Асиевнадан дагы кандай жакшылыкты күтсөк болот? “Так что”, Динара айым, арыдан бери болбойлубу!
Булак:Де-Факто