“Кыргыз темир жолу” ишканасынын экс-башчысы Василий Дашков үй камагына бошотулду
15-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваВасилий Дашков ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан чыгып, үй камагына чыгарылган. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2021-жылдын 31-декабрында чыгарган.
Эске салсак, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси В.Дашков 1 миллиард 200 миллион сомду товардык-материалдык баалуулуктарга төлөм деген шылтоо менен ысырап кылган.
Август айынын аягында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков “Бикард” жеке клиникасында дарылангандан кийин ооруканадан УКМКнын СИЗОсуна которулганы маалымдалган.
Ал 2021-жылдын 8-июнунда «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынан акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча аныкталган коррупциялык схема боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кайрадан кармалган.