Кыргыз гиннес: Сталинге 3 жолу кирген жалгыз кыргыз Төрөбай Кулатов

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

1. Алгачкы кыргыз фантасты Кусейин Эсенкожоев. Анын “Саякатчы бала” китеби 1937¬жылы, “Родинанын уулу” жана “Үчүнчү шар” деген эки китеби 1938¬жылы жарык көргөн. 17-18 жашында катары менен эки жылда үч китеби жарык көргөн башка жазуучу азырынча кыргыз жазма адабиятынын тарыхында кездеше элек.
2. Кыргыз кыз-келиндеринен эң жаш министр болгон Күлүйпа Кондучалова. Ал 22 жашында маданият министри болгон. 40 жыл бою кызматтык номенклатурадан түшпөй, аялдардын ичинен абсолюттук рекорд койгон. Ал көптөгөн жооптуу кызматтарда да эң биринчи иштеген аялзаты. Ал эми жигиттерден Алиаскар Токтоналиев 24 жашында министр болуптур.
3. Эң жаш СССРдин эл артисти болгон Чолпонбек Базарбаев. Бул наамды 23 жашында алган.
4. Эң жаш кезинде окумуштуулук даражага жеткен Салмоорбек Табышалиев. Ал 23 жашында илимдин кандидаты, 25инде Кыргызстан Ленин комсомолунун катчысы, 32синде республикадагы жалгыз университеттин ректору болуп, аны 17 жыл башкарган. Ал эми азыркы миллиардерлердин бири, 1954-жылы Бишкекте туулган Александр Машкевич 27 жашында филология илиминин кандидаты болгон.
5. Республикадагы эң узун автожол Бишкек-Ош автомагистралы. Узундугу 650 километр, анын 300 километри тоо аркылуу өтөт. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырат. Бул жол Борбор Азиянын 5 мамлекетинин, ошондой эле түштүказиялык субконтиненттин 10 мамлекетинин чектеринде эл аралык транспорттук интеграция процессине тартылган. Бул жолдо 100дөн ашык көпүрө, 5 туннель бар. Анын бири деңиз деңгээлинен 3115-3185 метр бийиктикте жайгашкан. Суусамыр туннелинин узундугу 2,5 километр. Жол 1965-жылы ишке берилген.
6. Кыргызстанды эң узак жетектегендерин бири (туура 40 жыл) Төрөбай Кулатов. 1938-45-жылдары өкмөт башчысы, тагыраак айтканда, Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы, андан кийин 33 жыл бою (1945-78-ж.ж.) Кыргыз ССР Жогорку Советинде төрага болуп иштеген. Ардагерлердин айтымында, ал Сталинге 3 жолу кирген жалгыз кыргыз болгон.
7. Атактуу адамдардын көбү Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айыл өкмөтүнөн (Сары-Камыш, Тору-Айгыр, Чырпыкты) чыгыптыр. Бул өрөөндө Сагымбай Орозбаков, Муратаалы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Чалагыз Иманкулов, Молдогазы Токобаев, Касым Тыныстанов, Иса Ахунбаев, Чабалдай Жаныбеков, Абдылда Миңжылкиев, Кыялбек Урманбетов, Жеңишгүл Өзүбекова, Асылбек Өзүбеков, Орозбек Айтымбетов сыяктуу белгилүүлөрдүн киндик каны тамган.
8. Эң көп чемпиондук наамга спортчу Орзубек Назаров ээ болгон. Ал кесипкөй боксчулардын арасында дүйнөнүн чемпиондук наамын 7 жолу жеңип алган.
9. Бишкектеги Эркиндик гүл багына узундугу жана кооздугу жагынан дүйнөдө эч бир көчө тең келбейт.
10. Кыргызстанда эле эмес, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң байыркы шаар — Ош. 2000-жылы анын 3000 жылдыгы белгиленген. Демек, ал байыркы Рим менен жашташ.
Булак: Сарасеп

Аргумент.kg