Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жүрүп жаткан учурда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кырчын жайлоосунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жүрүп жаткан учурда спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевбилдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Кырчын жайлоосуна кирип бара жаткан ар бир унаа текшерүүгө алынат.

«Урматтуу достор!

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жаткан учурда Кырчын жайлоосуна конок катары же башка иштер менен келүүнү каалаган бардык жарандарга кайрылуу. Темир жана Семёнов айыл аймактарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары тарабынан атайын токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык, спирт ичимдиктерин сатууга толугу менен тыюу салынат. Өз кезегинде биз жергиликтүү калкка маалымдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Аталган эреженин сакталышы үчүн ИИМдин Ысык-Көл облусундагы кызматкерлери, элдик ыктыярчылар менен биргеликте абалды көзөмөлгө алышат. Милиция кызматкерлери ар бир унааны текшеришет. Бардык конокторду бул көрүнүшкө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Биз сиздер менен III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүүгө биргеликте аракеттенели», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Аргумент.kg