Кымбат: “Күйөөмө айтпай алты жаш кичүү жигит менен жашайм”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы Аргумент . кж сайтынын админдери. Сиздердин баракчалардан мага окшогон келиндердин көйгөйүн көп окуп калам. Дайыма ар турдүү кеп-кеңештерди берген эжелер да бар экенин жакшы билем. Учурда мен да турмуштук көйгөйүмду айтып сиздер аркылуу жооп алгым келип турат. Мындан эки жыл мурун күйөөм менен ажырашып кеткем. Анын себеби, күйөөм аракка жакын болучу жана дайыма мас болгон күндөрү мага кол көтөрүп үйдө тынчтык берчү эмес. Беш жылдай чыдап оңолуп кетет деп жашадым. Акыры чыдамым калбай калганда уулум менен кызымды ээрчитип төркүнүмө кетип калгам. Учурда балдарым Кыргызстанда ата-энемдин колунда тарбияланып жатат. А мен болсо Питерге иштеп кеткем. Алты айдан бери мени сүйөм деп чуркап жүргөн алты жаш кичүү жигит менен граждандык никеде чогуу жашайбыз. Ал болсо балдарыма ата болууга даярмын дейт. Бир жаман жери экөөбүз чогуу жашагандан бери бир нан көтөрүп келбейт. Ал эми жолдошум болсо экинчи ичпейм кол көтөрбөйм, намаз окуп калдым элдешели деп жатат. Азыр эки ортодо турам. Кимисин тандаарымды билбей жатам.

Аргумент.kg