Кылыч байке, сизге ак куудай денемди тартуулайт элем…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

(Кылыч Саркарбаевге!)

Жакында бир тойдон Райым Матраимов менен учурашып, колун өпкөнүңүз коомчулукта чоң талкуу жаратты. “Бул ким болду экен?” деген ой менен өткөн чагыңызга кызыктым. Мурда рингде мушташкан жигит турбайсызбы. Кийин Ош шаарында чиновник болуптурсуз. Бир учурда камалып, кордук көргөн жайыңызды билдим. Айтор, турмуштун оош-кыйышын жаш болсоңуз да көп көрүп, жакшы бышып калыпсыз… Анан сиз менен таанышуу кыялымдын эңсөөсүнө айланды. “Кол өбүү жогорку урмат сый да, эгер мени жактырып калсаңыз, айрым дене мүчөлөрүмдү да өөп-жыттап берсеңизчи? Чын эле сулуу кызмын. Бирок Бишкекте жашайм. Сизге жетүү үчүн Ошко барамбы? Келбеттүү жигит экенсиз. Ой-санаага салдыңыз да. Эми кантем? Бул жашоодо жалындуу, күчтүү мырзалар менен мамиле кылуу абдан кумарлуу экенин эң жакшы түшүнөм. Кылыч байке, сизге ак куудай келбетимди тартуулайт элем…

Айпери, 27 жашта 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg