Кылмышка шектелген Файзиевге көмүскө кожоюндары “дирижёрлук” кылышабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бирде “Асман” шаарын курарын, кайра кытай инвесторлору Ысык-Көлгө келерин айтып, Бишкекке өзүнчө “сити” салып саларын жарнамалап, айтор, Тимур Файзиевдин буркан-шаркан түшкөн маалыматтары коомчулукту таңгалдырып келет. “Элит Хаус” курулуш компаниясынын жетекчиси катары таанылганы, былтыркы төңкөрүштөн кийин качып жоголуп, кылмышка шектелип, кийин кармалып, сурактан соң коё берилгени өзүнчө таржымалдай. Буга түшүнбөгөндөр, ишенбегендер коомчулукта арбын. Бийликке жармашып алганы огобетер эки анжы ойду туудурууда. Анан калса, “Элит Хаустун” чыныгы ээлери башкалар болсо, Тимур Файзиев аткаруучу директор катары пиар жасаган фигурабы? Көмүскө кожоюндар артынан кандай “дирижёрлук” кылышса, ошого жараша сайрай берген шоуменби? Негизи мамлекеттик олуттуу долбоорлорду репутациясы таза, кыргыз улутуна күйгөн кадрлар аркалабаса, аягы жакшылык менен бүтпөй калат го? Сыягы, соболдор арбып кетти…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg