Кыйчалыш учурда кайдыгерлигин көрсөткөн Марат Иманкулов жанбактыга айланганда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Казакстандагы коогалаң учурунда кыргыз бийлиги да бушайманга батып, кабыргасы сөгүлүп тургандай болду. Президент Садыр Жапаров саясый жана мыйзамдуу чечим кабыл алып, аскерлерибизди коңшу өлкөгө жардам берүүсү үчүн жөнөтүп, натыйжада, ийгиликтүү иштин өтөөсүнө чыкты. Ошого катар коомчулукта куралдуу күчтөргө, бийликтин позициясына жараша бир топ кайым айтышуулар орун алды. “Бөйрөктөн шыйрак чыгарган” тараптар упай алуунун аракетине өтүшүп, талаш-тартыштар жаралды… Бир жагдайды эске салалы, керектүү кезеңде олуттуу кызмат адамы коңулга кирип кеткени осолдук катары көрүндү. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов өз милдетин, миссиясын аткара албай, жашынып жатты. Өз кара башын ойлобой, кыйчалыш учурда мамлекет үчүн иштеп койсо болбойт беле? Адилеттүү, калыс, мыйзамдын тили менен ой-пикирин айтканга да жараган жок. Жыйынтыгында, мындай кайдыгер кадрдан эмнени күтөбүз? Иштеген колунан келбесе кетип эле калбайбы? Жанбакты катары элге-журтка жаман көрүнбөй.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg