Кыйын кырдаалда Ахматбек Келдибеков өкмөт башчы болобу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саясый элитада, эл арасында Ахматбек Келдибековдун министрлер кабинетинин төрагасы болору болжонуп, талкууга алына баштады. Өлкөдө экономикалык жактан каатчылык жаралып, кыйын кырдаалдын желаргысы сезилүүдө. Мындайда кризис-менеджерлик сапаты бар, финансист, күчтүү экономисттин өкмөткө келиши шарт. Бул артыкчылыктар Ахматбек Келдибековдо жетиштүү экени, оор абалга жараша чечкиндүү кадамдарга бара алары, иштин көзүн билери айныгыс чындык. Бир эсе кадр саясаты да аксап, министрлер улам пара, коррупцияга айыпталышып, айрымдары иштей албай аксап калышканда, бир силкинүү менен өкмөттүн жаңы курамы түзүлөрү мыйзам ченемдүүлүк. Жаңыланууга бекем эрк менен из салуу зарыл. Эски катачылыктарды кайталабай, элибиздин жашоосун оңдоп кете турган акылмандык кадамга барышыбыз керек. Мезгил келди. Босогодо кыш. Карапайым көпчүлүк жумушсуз, бир жагынан кымбатчылык, жалпы турмушубуз итке минген көрүнүштө экенин кайда жашырабыз? Эмне кылуу керек? Кызганбай эле Ахматбек Келдибековдун билимин, тажрыйбасын пайдаланып, оор сыноону жеңип, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө, туруктуу алкакта калыптанышына жан үрөйлү. Ар бирибиз акыйкаттуу жолдо мекенибиз үчүн чын дилден күйсөк, эмгектенсек, акыбети кайтары шексиз.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg