Күзгү депрессияны эмнелер чакырат? Мелатонин, серотонин, дофамин

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жыл мезгили менен адамдын маанайынын кандай байланышы бар деп ойлойбуз. Албетте, кээ бир сезимтал адамдардын жашоосунда бул абдан чоң ролду ойноору белгилүү. Мисалы, жаздын келиши менен бак-дарак гүлдөп, аба ырайы дагы жылуу болгонго жан дүйнөң жаңыланып, көңүл да көтөрүңкү болот эмеспи. Ал эми күз келери менен күн сууктап, эки күндүн биринде жамгыр нөшөрлөп жаай берет. Ошондуктан күз мезгилинде адамдардын көңүлү аба ырайына жараша суз тартып, эч нерсеге көңүлү тартпай депрессияга кабылышат, — деп жазат «Леди.kg» гезити. 
Күзгү депрессияны эмнелер чакырат?
Күзгү депрессиянын эмнеден келип чыгарын так айтуу кыйын. Ар ким ар кандай көз карашта. Бирок эң кеңири жайылган аныктамада адам организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөргө байланыштуу депрессияга кабылары айтылган:
Мелатонин гормонунун көбөйүшү
Күндүн кыскарышы менен адамдын организминдеги мелатонин гормону көбөйөт. Бул гормон көбөйгөндө адамдын жашоого болгон кызыгуусу тарап, уйкусу эле келе берет. Ошондой эле температурасы төмөндөп, адам энергия алыш үчүн калориялуу тамактарды жегенге өтөт. Уктап, анан жалаң тамактануу менен коштолгон мындай пассивдүү жашоо образын сүрүүнүн жыйынтыгы албетте депрессиянын күч алышына алып келет.
Серотонин гормонунун азайышы
Гормондордун азайып-көбөйүшү адамдын организминде чоң ролду ойноп, бул анын ден соолугуна таасир этет. Негизи, организмде кайсы бир гормондун деңгээли азайса, башка гормон тескерисинче көбөйөт. Башкача айтканда, мелотонин көбөйгөн учурда серотонин азаят. Ал эми серотонин көтөрүңкү маанайды камсыздап турган гормон болгондуктан, мунун азайышы, албетте, адамды депрессияга кабылтат.
Дофамин гормонунун азайышы
Бул күндүн кыскарышы менен тыгыз байланышкан организмдеги өзгөрүү болуп саналат. Күн кыскарып, анын илеби кескин начарлагандыктан, организмибизде дофамин гормону дагы төмөндөйт. Аталган гормон адамдын бир нерсени кунт коюу менен жасашын камсыздап турат. Демек, бул зат азая баштаганда адамдын жумушка болгон кызыгуусу тарап, эч нерсеге көңүлү келбей калат.
Д витамининин жетишсиздиги
Күн сууктай баштаганда баарыбыз жылуу үйдө жатууну каалайбыз. Мындан улам күндөн мурункудай көп энергия ала албай калабыз. Бул организмдеги Д витамининин жетишсиздигине алып келери анык. Ал эми аталган витаминге каныкпаган организм алсыз болуп, адам чарчап, дайыма кыжыры келет берет. Андыктан күз-кыш мезгилинде организмдеги аталган затты толуктап туруш үчүн дарыканаларда сатылган таблетка же тамчылатма түрүндөгү Д витаминин алып ичүү шарт.
Сезондук аллергия
Адам ооруп калса, бул анын эмоционалдык деңгээлинин төмөндөшүнө алып келерин дарыгерлер аныкташкан. Ал эми эмоционалдык деңгээли начар адам сөзсүз түрдө депрессияга кабылат. Андыктан күз мезгилинде аллергияга кабылган адамдар тезинен дарыланып, өздөрүн депрессиядан сактап кала алышат.
Физикалык активдүүлүктүн төмөндөшү
Дайыма активдүү кыймылда болгон адам депрессияга кабылбоонун алдын ала алат. Андыктан күз келди деп үйдө жылуу-жумшак уктап жатпастан, эртең менен чуркап, дене тарбиясын дайыма кылып туруу жакшы жыйынтык берет. Депрессияга кабылуу тукум кууй турганын окумуштуулар далишдешкен. Мисалы, апасы же атасы депрессияга жакын адамдар болсо, баласы сөзсүз түрдө мындай абалга туруксуз келет. Андыктан депрессияга чалдыгууга жакын адамдар аны курчутуп жиберчү, алкоголдук ичимдиктерден, чылым чегүүдөн алыс болгондору дурус.
Күз депрессиясына кабылган адамдын белгилери:
Ойго батуу, жалгыздыкты каалоо
Кеңеш: Таңды кабакты бүркөбөй күлүп тосуп ал. Анан жагымдуу музыканын коштоосунда кара шоколад менен чай ичиңиз. Депрессияга бөгөт койчу азыктардын дагы бири болуп банан эсептелет. Андыктан күнүнө эки даана банан жегенди унутпаңыз. Достор менен биргеликте киного, театарга барыңыз.
Тамакка болгон табиттин жоголушу, уйкусуроо, активдүүлүктүн жоголушу
Кеңеш: Күз – мүнөздөп тамак жечү убакыт эмес. Ошондуктан организмиңиз эмнени талап кылып жатса ошону жегениңиз туура болот. Албетте, ашыкча өлчөмдө эмес. Бул учурда организм өзгөчө витаминдерге муктаж болот. Витаминдүү, адамга күч берчү жана көңүл көтөрчү азыктарга төмөнкүлөр кирет: суу, шпинат, күрүч, картошка, үндүктүн эти, кургатылган жемиштер, сүт азыктары, грек жаңгагы. Күн кыскарып, сууктай баштаганда баарыбыз эле жылуулукту самап үйдөн чыккыбыз келбей калат бул туура эмес. Учурдун көйгөйү болгон компьютер менен телефонду тиктеп диванда жылуу-жумшак отуруудан баш тартып, тезинен таза абага чыгып дем алып, күндөн энергия алууга жетишиңиз. Спрот менен машыгыңыз.
Чектен ашып жинденүү
Кеңеш: Аба ырайынын суз экенине карабай күлүп жүрүңүз. Муну менен сиз өзүңүзгө эле эмес, сизди курчаган чөйрөгө дагы жагымдуу маанай тартуулаган болосуз. Күлүп жүрүүдөн организмде бакыт гормону болгон – эндорфиндер ойгонот. Күнүгө бир маал күзгүнүн астына барып «менде бардыгы жакшы, маанайым жогорку деңгээлде, эч ким, эч нерсе менин көңүлүмдү оорута албайт» деп айтууну адат кылыңыз.
Таарынчаактык
Кеңеш: Болбогон бир нерселерге таарынып калуу дагы депрессияга кабылган адамдын белгиси деп түшүнсөк болот. Ар бир адамдын мүнөзү, кылык-жоруктары ар башкача. Андыктан сизди курчаган адамдардан идеалдуулукту издөөнүн кереги жок. Ар бир адам өзү каалагандай сүйлөп, өзүнө мүнөздүү жүрүм-туруга ээ. Алардан кынтык издеп, алардын ар бир айткан тамашалуу сөзүнө капа болуп, бөлөк бирөөнүн оюнан көз каранды болуунун кереги жок. Кереги жок нерселерге убактыңызды кетиргенче өзүңүздү өнөүктүрүп ар кандай курстарга барып, жүрөгүңүз жактырган иш менен алек болуңуз.
Өзүн өзү төмөн баалагандык, өзүнө болгон негативдүү мамиле
Кеңеш: Өзүңүздү жемелей бергенден улам сырткы келбетиңизге кам көрүүнү унутуп калдыңызбы? Анда өзүңүздү сүйүүгө учур келди. Чач жасалгаңызды өзгөртүңүз, жакшынакай макияж менен жүрүүнү адат кылыңыз, маникюр, педикюр кызматтарынан пайдаланыңыз. Булар, албетте, бардык маселени чечип коө албайт, бирок маанайыңызды жогорку деңгээлге көтөрөрү талашсыз. Чыныгы сүйүүгө кезикчү учур жаз эле эмес, күзүндө деле сүйүү сезимдерине кабылууга болот. Андыктан эгерде келечектеги түгөйүңүздү кезиктире элек болсоңуз, күз – депрессиянын убагы деген ойдон качып, жаңы тааныш күтүүгө ашыгыңыз.
 

Аргумент.kg