Куудул Борончу менен Тынар гомосексуалисттердин тоюна даярдык көрө баштады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Кубаналиев эгерде бир жыныстуулар үйлөнүп калса, алардын тоюн кантип алып барабыз деп таң калышууда.

«Учурда коомубузда абдан өкүнүчтүү көрүнүштөр болуп жатат. Тагыраагы, эркек менен эркек жана кыз менен кыз үйлөт деген.

Кокус бизде эркек менен эркек үйлөнүп калса Тынар (ред. Курбаналиев) экөөбүз кайсыл тарабын эркек деп айтабыз? Же болбосо, кудага барганда бизде уул, силерде кыз бар дегенди кандай айтабыз? Бизде уул бар, силерде уул сыяктуу бар экен дейбизби?», — деп Борончу Кудайбергенов тамаша-чыны аралаш суроо салды.

Ал эми куудул Тынар Курбаналиев да бул көрүнүшкө абдан таң калганын жашырган жок.

«Кыргыз болуп төрөлдүк, кыргыз бойдон өлөлүк», — деди куудул Курбаналиев.

Аргумент.kg