Курсактагы небересин соодалашкан чон эне аз жерден абакка түшүп кала жаздаган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Төрөлө элек небересин интернет тармагы аркылуу сатып ийген аялдын кылыгы ачыкталды. Бул тууралуу небересин саткан аялдын келини TikTok баракчасына жарыялап чыкты.

Анын айтымында өгөй кайненеси эч кимге курсактагы наристени баалап сатып ийген. Ала турчу кардарга келини төрөсө эле бере турганын билдирген. “Курсагымдагы кызым сегиз айдан ашып калганда кызыма кийим кече ала берейин деп  соода борборуна барып калдым. Ал жерден мен өмурү көрбөгөн бейтааныш аял жаныма басып келип, мени менен учурашты да менин курсагымды сылап, “кызым ден соолугун жакшыбы” –деди. Бул мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Мен ал аялдан “күйөөм менен таанышсызбы?”- деп сурадым. Ал болсо “жок менин кызыма келдим. Жакында алып кетем”-деп курсагымды көрсөттү.ошондой эле кызды асырап ала турганын акчасын бергенин да билдирди. Мен болсо ал аялга баламды эч кимге сатпаганымды айтып, бербей турганымды билдирдим. Көрсө чач тарач болуп иштеген өгөй кайненем  өзүнүн кардарына курсактагы кызымды бере турганын убада кылыптыр. Алар наристенин баасынан бери соодалашыптыр. Ушундан кийин кайненем менен сүйлөшүүнү токтотуп, андан өзүмдү алыс кармап калдым. Кызым төрөлгөндө да ошол аял келип, кызымы көруп кетти. Ал болгону балага зар экенин айтып асырап алуу үчун ниет кылганын билдирди ” –дейт келин.

Ошондой эле наристени андан эч ким талашпагандан кийин кайненесинин үстунөн полицияга арыздануудан баш тарткан.

Аргумент.kg