Курманкуловдун дарылануусуна 1,2 миллион сом бөлүнөт.
14-тогуздун айы, 2019-ж // //Саламаттык сактоо министрлигине Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды төлөөгө 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Буга чейин өкмөт башчынын резервдик фондунан Чүй ОИИББнын башчысынын дарылануусуна деп Саламаттык сактоо министрлигине 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнүп берилген. Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылында өткөң атайын операция учурунда оор жаракат алган. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция
жасалган. Кийин дарылоону улантуу үчүн аны Москвага жеткиришкен. 4-сентябрда Курманкулов өзүнө келгени маалымдалган. 12-сентябрда Москвадагы Николай Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан калыбына келтирүүчү борборго жеткирилген. Учурда сүйлөөгө жарап калганы айтылууда.
Булак: Фабула