Курман айтка союлган койлордун баш шыйрагын Ала-Арча суусуна төгүп ийген
26-теке, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваКурман айтан кийин Ала-Арча суу сактагычынын жээгинде массалык союлган койлордун баш шыйрагына кошулуп, ичеги карындар төгүлгөн. Бул тууралуу Кактус. медия күбөнүн видеосуна шилтеме берип жазып чыкты.
Күбөнүн видео билдирүүсундө кимдир бирөөлөр Курман айта карата көп сандагы мал союп бирок алардын баш шыйрагы менен ичеги карындарын суу сактагычтын жээгине төгуп салган. Мындай кадамга барган адамды элдин батасын алганы менен табиятын тазалыгына кайдыгер карагандыгын күбө ачык билдирип нааразычылыгын билдирген.