Курбусунун жигити 17 жаштагы кызды зордуктап салды

Курбусунун жигити 17 жаштагы кызды зордуктап салды

02-аяк оона, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Бишкек шаарында жигит сүйлөшкөн кызынын 17 жаштагы курбусун зордуктап салган. Бул тууралуу кыздын жакындары жергиликтүү басылмаларга билдирди.

Маалыматта, жабырлануучу кыз университетке тапшырып, каникул учурунда  тигүүчү цехке жумушка орношуп иштеп жүргөн.

Окуя 27 — августта болгон. Ал күнү жабырлануучу жумуштан чыккан учурда ага жолугуп калган курбусу жигитинин унаасы менен үйунө чейин жеткирип кое турганын айтышкан. Курбусуна ишенген кыз унаага отуруп, үйу жакын болгонго сүйлөшкөн кызын түшуруп, анын курбусун жеткирмекчи болот. Бирок ал орто жолдон унааны көмүскөгө токтотуп кызды күч колдонуп зордуктап койгон.

Жабырлануучунун ата-энеси милиция арыз менен кайрылып, кылмыш иши ачылды.