Куралды мыйзамсыз алып жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 16-майга караган түнү куралды мыйзамсыз алып жүргөн кылмыштуу топ кармалганын билдирди.

Шектүүлөр бараткан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаадан АКСУ-74У үлгүсүндөгү автомат (төрт огу менен), бир тапанча (үч огу менен) алынган. Кармоо учурунда алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, качууга аракет кылган.

Жыйынтыгында 27, 30, 29 жаштагы үч киши кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келген. Тергөө жүрүп жатат. Кармалгандардын баары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылганы аныкталды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 13-майда Ош шаарында кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандагы курал-жарак табылганын кабарлаган.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg