Кундуз Жолдубаева, КСДПчы: “Мени “саткын” дегендердин бетин ачам, абийирин төгөм”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 
“КСДП Атамбаев менен” деп калышкан бир ууч атамбаевчилер да өз ара тытышып, кырды-бычак болушууда. Бүгүн саясый кеңештин мүчөсү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактардагы баракчаларын бирине төмөнкүдөй мазмундагы пост жазды:
 
“Бети жоктуктун дагы чеги болуш керек! Калптын казаны кайнабайт! Жакында баары ачыкка чыгат. Унчукпай, кой деген сайын башка чыгып алышты! Ачуу чындык баардыгына чекит коет, факты менен тастыкталган чындык! Айрым кишилерди көрүп, мен уялып кетип жатам. Кичине ар-намыс деген болуш керек да! Абакта жаткандар дагы үн катат жакында, баардыгын ачык айтып, кимдин ким экенин коомчулуукка ачык айтышат. “Эл көзүнө кылган” жоруктарга чекит коюш керек. Мен сүйлөсөм, абийириңер төгүлөт. Дагы мени саткын дегендердин бетин ачам!”- дейт Жолдубаева.

Аргумент.kg