Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Масалиев төрага болду

Кумтөр боюнча депутаттык комиссияга Исхак Масалиев төрага болду. Бул тууралуу Govori.TVга эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди.

«Ооба, «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө боюнча комиссияга мени төрага кылып шайлашты. 19-октябрда өтчү жалпы жыйында бекитишет», — деди Масалиев.

Белгилей кетсек, комиссиянын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев, Максат Сарбагышев кирген.

Аргумент.kg