Куловдун жубайы Абрасулова Ыйса Машаяктын акчасына жеке клиникаларды ачкан

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жыгач генерал аталган Феликс Куловдун да айланасында кара булуттар каптай баштады. Буга чейин анын Чехиядагы үйүн айтып чыкса бул жолу жубайы Фатима Абдрасулованын айланасында бир топ ушак кептер тароодо. Алсак социалдык баракчалардын биринде Нурлан Жанжигитов аттуу колдонуучу төмөндөгудөй маалымат таратууда. Аны өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк.

“ Ф. Куловдун аялы Фатима Абдрасулова «312 поликлиника» жеке медициналык борборунун жана эки микрокредиттик компаниянын ээси. Бирок, бир микрокредиттик компаниясын Улуттук Банк жокко чыгарган деген маалымат бар. Себеби, компания каржы көзөмөл органынын комментарийлерине көңүл бурбай, ченемдик укуктук актыларга баш ийбей койгон. Куловдун аялынын иши тууралу бул ачык айтылган маалыматтар. Анын жашыруун элге ачык айткандан айбыккан дагы бир иши бар. Фатима айым Кыргызстандагы тоталитардык сектасыныын «Иса Машаяк» жергиликтүү чиркөөсүнүн каржылык маселелерине жооптуу. Чиркөөнүн пастору В. Кузин Ф.Кулов менен тыгыз мамиледе. Сектанын ири каржы булактары бар, башкы кеңсеси АКШда жайгашкан. Кыскасы аялы жалаң акчалуу жерде экен. Элге кредит таратып пайызын очойто алат. Медициналык кызматты да акысына кылат. Машаяктардын акчасын тескейт…деп жазат.

Кыргызда жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт демекчи. Калк арасындагы сөздөргө феликс мырза үн катат деп ойлойбуз.

Аргумент.kg