Өкүл апам күйөөм менен жүрөт аны кантип токтотом?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Базарда чогуу иштеген бизден сегиз жаш улуу эжени үйлөнсөк өкүл апа коебуз деп жүрүп кийин үйлөнгөндө өкүл апа кылып алдык. Кийин кош бойлуу болуп мен базарга чыкпай калдым,жолдошум жалгыз соода кылчу. Кээде өкүл апам да жардамдаша калып жүрдү. Ошентип балам экиге чыкканда бала бакчага орноштуруп кайра чыга баштадым. Менин чыгышымды күйөөм да өкүл апам да жактырбай баланы карап эле отура бербейт белен дешкен. Арадан бир ай өтпөй кошуна соода кылгандардын бири күйөөм менен өкүл апабыз соо эмес деп айтып салды. Ишенбегеним менен күйөөмдүн телефонун акырын текшере баштадым. Көрсө чын экен алардын жазышкан смстерин көрүп оозум ачылды. Мен бала менен отурганда алар чартанбай тээп жүрүшкөн экен. Байкуш өкүл ата да өкүл бала деп менин күйөөмдөн шек албаса керек. Алардын турмушка чыга тургандай жаштагы кыздары бар. Канткенде күйөөм экөөнү алыстатам. Ажырашып кетейин деген оюм жок, анткени күйөөм үй-бүлөсун жакшы караган эркектерден.

Аргумент.kg