Күйөөсү туулган күнүндө аялын өрттөп жиберди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Якутияда жолдошу мас абалында аялына мончодо бензин чачып, өрттөп жиберген. Бул тууралуу Саха Республикасынын Тергөө комитетинин башкармалыгынын сайтында маалымдалды.

“21-мартта айыпталуучу достору жана аялы менен туулган күнүн белгилеп жатканда ичип алган. Ал аялы менен уруша кетип, мончодон гараж тарапка барып, бензин куюлган идишти алып, кайра мончого келип аялына бензин чачып өрттөп жиберген”, — делет билдирүүдө.

Бөлүмдүн маалыматына караганда, жабырлануучу өрттү кар менен өчүргөн кишинин жардамы менен аман калган. «Аялга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок денесинин 40% ы термикалык күйүк алып, учурда Якутск шаарында дарыланууда».

Айыпталуучу Якутиянын тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө комитети кылмыштын жагдайларын аныктап жатат.

Аргумент.kg