Күйөөмө ооруп калганда керегим жок болуп калдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм биринчи турмушунан ажыраган адам эле. Аялы аны таштап бир кызы менен башкага тийип кетиптир. Ичкиликке берилип көчөдө калганда иниси Россияга алып келип чогуу иштешкен. Кийин арагын таштап кайрадан адам болгондобиз таанышканбыз. Дайыма кыйынчылык кезде аялым мени таштап каратып туруп күйөөгө тийип кеткен деп ызырынып калчу. Тагдыр экен экөөбүз баш кошуп калдык. Эл катары жашайлв деп чогуу иштедик. Үй алдык аны болсо кайненеме каттап койгонбуз. Үйдүн ичин толтурдук. Көр оокатты топтойм деп уулумдун кантип басканын, апа деп биринчи тили чыкканын да көрбөдүм. Анткени аны жети айында эле кайненем алып кеткен болучу.  Ооруканага убакыт жок көрүнбөй жүрө берип акыры катуу ооруп жатып калдым. Дарыгерлер мындан кийин төрөй албайсың деп жыйынтык чыгарып беришти. Ошондой эле алты ай сайын дарыгердин кароосунда болушум керек экен. Дарыгердин жыйынтыктоочу сөзүн уккандан кийин күйөөмдун кыялыбузулду. Жалгыз мен эле иштей бермек белем деп чыкты. Акыры урушубуз күчөп Кыргызстанга келдик. Кайненем эми баланды бага албайм деп колума уулумду карматып койду. Үйду болсо сатып ийишиптир. Азыр уулум менен улуу агамдын үйундө корголоп жүрөм. ООруганча болгон канымды соруп, тапканымдын баарын тартып алышып, оорулуу болуп калганда эч кимге керек болбой калдым.

Аргумент.kg