Күйөөмө «кетпечи» деп жалдырап ыйлагым келип турат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Азыр аябай бук болуп, айламды таппай турган кезим. Бөлүшө турган адамым жок. Жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөнү турабыз. Ортодо эки балабыз бар. Москвада квартирада турабыз.

Мен үйдө балдар менен. Жолдошум «чыгып кетем» деп кийимдерин чогултуп койгон. Чыдабай, акыры «сен кала бер, биз кетебиз дедим. Чынында кетпечи» деп жалдырап ыйлагым келип турсада намыс деген нерсе гана кармап турат. Мени урат, сөгөт, адам катары көрбөйт.

Сегиз жыл аралыгында өтө көп кордук көрсөттү. Бирок, эмнегедир көңүлүм калбай жатат. «Ушунчалык да басына беремби» деп бир чети намыстанам. Аябай кыйналып турам.

Эмнеге эркектер ташбоор болушат? Сегиз жыл ичи жамандык менен кошо жакшылыктар да болуп атты, бир туугандай эле болуп калдык. Эки баланын ата-энесибиз… Ушунун баары эч нерсеге татыбай кантип басып кете беришет? Кандай кадамга барсам?

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg