Күйөөмө эмнеге кошуна аялдар келип жатканын кийин түшүндүм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн экөөбүз базарга түштүк. Ал өзүнө кайчы, тарак анан фен, мен болсо үстүмө куртка алдым. Экөөбүз бирден самсы жеп, үйгө жөнөдүк. Күйөөм юрист болуп иштейт. Сыртта олуттуу, оор басырыктуу, мындайча айтканда, өзүнчө эле «серьезный» болуп жүрөт. Босогону аттаары менен балдарын жонуна мингизип, бирде кодолек, бирде машинага айланат. Мени кытыгылап жүдөтүп, боорумду эзип күлдүрөт. Күйөөгө тийгенден бери чач тарачка бара элекмин. Эми бир айда бир жолу маска жасатканы эле барбасам. Үйдө жеке парикмахерим бар, ал күйөөм. Чач кыркканга аябай шыктуу. Ютубдан видеолорду көрүп дал ошондой кылып коет. — Жаным, мындай кылып кырка аласыңбы? — Кана, көрсөтчү? — Ооба, кылса болот. Азыр кайчыны алып келейин. Жок дебейт. Тескерисинче жаш баладай сүйүнөт. Тойго баратканда дагы чачымды өзү тармалдап берет. Аяштарыбызга салондон жасаттым деп коем. Көз тийет да, туурабы? Жумуштан келатсам кошуна эже күйөөм үйдөбү сурады. Жумушта экенин айттым. Үйдө эле болчу, эмнегедир кызганып кеттим. Эшикти ачсам тиги Жокинин аялы чыгып баратат. — Эмнеге келдиң? — Күйөөңдөн укук боюнча бир нерсе сурайын дегем. — Баары жакшы элеби? — Жакшы, жакшы. Маани берген жокмун. Көп өтпөй эки кошуна аял үйүбүздөн чыгып баратканын көрдүм. Анда көчөнүн башында элем, кантип чуркап жеткенимди билбейм. Оюма жаман нерселер келди. — Алар эмне эле сени сурап калышкан? — Сага бир нерсе айтайын? — Ии, айт! — Чачтарын жасатып кетти. — Эмне? Кайдан билиптир алар? — Тиги тентек уулуң айтыптыр, жок дей албадым. Бир саамга карап турдум дагы, боорум эзилип күлдү. Биз баш кошуп жатканда бири-бирибизди колдойбуз деп сөз бергенбиз. Мен сөзүмө турдум. Үйүбүздүн бир бөлмөсүн бошотуп чач тарач ачтык. «Запись» менен кабыл алабыз. Дем алыш күндөрү, күйөөм үйдө болгондо. Мен администратормун. Баягыда чогулган акчага балдарга компьютер сатып бердик. Эми өзүбүзгө телефонго топтоп жатабыз. — Жаным, бүгүн эки кардар келет. — Рахмат. — Эмнеге мага рахмат айтып жатасың? — Мени колдогонуңа. Сүйөм сени. — Мен дагы. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg