Күйөөмө башка кыз алып бергиси келген чоң энеси мени минтип сынады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Жыпаш, эртең коноктор келет экен. — Апамдарбы? — Ооба, анан эки чоң энем. Ким экенин билесиң? — Сага башка кыз издегенби? — Ооба, жакшылап даярданып койчу. — Макул. Сен качан келесиң? — Бир саатан кийин чыгам. Эмне ала барайын? — Сникерс менен чипсы. — Макул жаным. Экөөбүз шаарда батирде турабыз. Үйлөнгөнүбүзгө үч ай болду. Бактылуу күндөрдү башыбыздан кечирип жаткан убагыбыз. Айылдан келген коноктордун аягы сууй элек. Бирөөсүн узатсак, экинчиси келет. Кайын энем улам эт салып жиберет. «Кызым, кыйналбай ушуну асып эле берип кой» деп жан тартат. Баары бир дасторконду толтурушуң керек экен. Эми минтип мени жактырбаган эки чоң эне келе жатат. Курбусунун кызын күйөөмө алып берем деп жүрүшчү экен. Анан небереси мени гана аларын айтып туруп алат. Жөн жерден жаман көрүнүп калдым. Кайын энем көңүлгө алба дейт. Экөө мен келгенде эле жактырбай жүрүштү. Жаман болот экенсиң. Күйөөм экөөбүз түнү менен салат, боорсок жасадык. Дасторконду толтурдум. Кайын энеме чалып чоң энелерге эмне тамак жагарын сурадым. Ал айтып берди. Кайра апама чалып, видеочалуу аркылуу аларды жасап кирдим. Көңүлдөрүн алайын деген эле аракетим. Келишти. Учурашып тосуп чыктык. Небересин өөп, мени менен суз гана учурашып коюшту. Дасторконду көргөн кайын энем, «кызым, аябай убара болупсуң» дешти. Тиги экөө «эч нерсе болбойт» деп төргө өтүштү. Экзамен башталды. «Атайын силер үчүн жасадым» деп биринчи тамакты алып келдим. Экөөнө салып берип, чайдан узатып жаттым. Экинчи тамакты алып келип, ал бүтөөрү менен үчүнчүсүн сундум. «Ай, чындап эле мынча убара болдуң» деп киришти. Тамакты мактап жеп жатышты. Экөөнө деп алган белегимди бердим. Тим эле сүйүнүп мактап киришти. «Неберем сонун аял алган турбайбы» дешип күлүп калышты. «Силердей чоң энем болсо деп кыялданчумун, эми минтип экөө болду» деп жылуу сүйлөп, улам чай сунуп, күлүп отурдум. Баягы каардуу эки кемпир жок. Мага баталарын берип, айылга узап кетишти. Кайын энем «акылдуу кыз» деп чекемен өптү. Азыр экөө тең «Жыпаш» деп турушат. Айылга барсам үйлөрүнө чакырып чай беришет. Чынында сонун эле апалар экен. Болгону тилин таап алыш керек болчу экен. Азыр тамашалап «иий, менин ордума башка кыз алып берем дегенсиңер э» десем, «жок ай» деп күлүп качышат. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg