Күйөөмө айтпай эки күйөө менен нике кыйдырып алгам күнөө эмеспи?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы аргумент.кж сайты. Сураныч менин да катымды чыгарып бересиздерби?. Атым сыр бойдон калсын. Өзүм 33 жаштамын. Азыркы учурда расмий түрдө бир эле күйөөм бар. Бирок турмуш шартыма ылайык бул күйөөмдөн башка дагы 2 кишиге нике кыйып тийип алгам. Бул тууралуу менден башка эч ким билбейт. Бир күйөөм жанымда, экинчиси Россияда иштеп жүрөт аны бир жылда эки жолу эле көрөм. Үчүнчүсү болсо үй-бүлөлү адам ал менен 2 жумада бир көрүшөм. Азыр аябай ыңгайсыз абалда турам. Түшүнүп жатам мындай кылганга болбой турганын, бирок мен да бул ишке аргасыздан баргам. Азыр ойлонуп жатам ушул биринчи күйөөм менен тынч жашап эле, беркилер менен ажырашып, мамилемди үзөйүн деп жүрөм. Канчалык алардан алыстайын десем да жүрөгүм аларды кое бербей жатат. Көрсө аларды да сүйөт экем.

Аргумент.kg