Күйөөмдүн жүрөнөөгүнөн тажадым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тутүн булатканыбызжга үч жылдын жүзу болду. Эки тарап катыштыгыбыз үзүлбөсүн деп бизди үйлөнтүп коюшкан. Күйөөмдү баш кошконго чейин эки жолу көргөм. Адам менен бат тил табышкан тамашөкөй жигит экен деп ойлогом. Көрсө анын жашоосу кунумдүк кыздар менен өтүп, алардын көңүлүн табуунун аракети менен жүрө берип, аялдын көңүлүн тапканды семичкедей чагып калган экен. Биз үйлөнгөндөн алты ай өтпөй күйөөм ачык эле түндө кеч келип, же таңга маал келип калган. Эки жолу оору жугузуп дарыланып жатып араң өзүмө келдим. Ошол оорунун айынан тун наристем түшүп калды. Ата-энемди сыйлап күйөөмдүн жаманын жашырып келем. Акыркы кундөрү көрунгөн аялдын койнунда жаткан күйөө менен жашагандан тажап келем. Балам жокто ажырашып кетсемби деп көп ойлоном. Бирок ажырашкандан кийин жакындарым кандай кабыл алып, мага колдоо көрсөтөбү же жамандыгындан келдин деп мени кысмакка алып кыйналамбы деген ой мени кармап келет. Күйөөнүн жүрөнөөгүн кантип токтотом же кеч боло электе ажырашып кетсемби?

Аргумент.kg