Күйөөмдүн жаш ойношу үйгө келе берчү болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алты жылдан бери чогуу жашап келген күйөөм таарынычтан пайдаланып жаш кыз менен жашап алды.  Буга чейин күйөөмдүн ала жипти аттап келгенин көрбөсөм да билчүмүн. Бирок калп эле уруш чыгара бербейин деп көп айта берчү эмесмин. Өткөн жылы карантинден кийин экөөбүз каттуу урушуп кеткенбиз. Жумушум токтоп күйөөмдүн колун карап кайра-кайра нанга акча сурап уруша бербейин деп төркүнүмө кетип калгам. Жайында үч айдан ашуун жүрдүк. Балдарым айылда кенен ойноп жайы менен эс алышты. Күзүндө балдарым окуй турган болуп үйгө келдим.  Келсем күйөөм уялбай үйдө бир жаш кыз менен уктап жатат. Ошол жерден катуу чыр чыгып экөөбуз ажыраша турган болгонбуз. Күйөөм жумалап экинчи бул кайталанбай турганына сөз берип элдешкенбиз. Андан бери бир жыл өтту баягы кыз башында мага смс кетире берчү эми ачык эле үйгө келип, дагы деле күйөөм менен жакын мамиледе экенин айтып ажырашып менин кетишимди айта берчү болду. Анын айынан күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы уруш күчөп бара жатат. Кетип калайын дейм балдарымды кыя албайм. Кантип ал кызды тыям, кантип күйөөмө ойношторунду үйдөн алыс ойнот деп түшүндүрө алам. Ага ойношун үйгө келе берет деп тилим тешилди. Эмне кылсам жашоом тынчыйт. Же азыркы кыздар ушинтип бирөөнун бүлөсүн бузуп тийип калганбы?

Аргумент.kg