Күйөөмдүн мурунку көңүлдөшү сотко берип жатат эмне кылам?
19-баш оона, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваТурмушка чыкканыма алты ай болуп калды. Бизди ата-энелерибиз тааныштырып жарым жылдан ашуун сүйлөшуп баш кошконбуз. Кудайга шүгур кайын журтум мени түшүнүү менен кабыл алып, кайненем менен мамилем жакшы. Мындан эки жума мурун үйгө кош бойлуу бир келин келип: «Максат (аты өзгөртүлдү) менен беш жылдан бери чогуу жашап келгенбиз. ал мага үйлөнөм деп убада берген. Эгерде мени албаса сотко берем»-деп чыр салып кеткен. Ага мени кийлигиштирбей кайын журтум кетиришкен эле. Кече үйгө милиция кызматкерлери келип күйөөмдү издеп кетишти. Ал бир айга питерге кеткен болучу. Эми эмне кылам? Ата-энеме эмне деп айтам деп сарсанаа болуп жатам. Кетип калайын десем туугандарым сөз кылат кетпей койсом күйөөмдөн көңүлүм калды.