Күйөөмдүн мурунку аялы күйөөмдөн кош бойлуу экен. Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айгүл аттуу келин окурмандардан кеп-кеңеш сурайт. Ага кандай кеңеш берет элеңиздер? …

Бала кезден эле абдан түнт болуп өстүм. Балким азыркы абалыма мүнөзүм себеп болгон чыгар?

Турмушка кеч чыктым. 36 жашымда. Такыр турмушка чыкпай калганча деп, колумду сураганда эле макул болдум. Жеңелерим “25 жаштагы кыздар турмушка чыга албай жүргөндө, сага 40ка таяп калганда үйлөнөм деген эркектин табылганына сүйүн” дешти. Курбуларым да “баары даяр үйгө барасың” деп көндүрүштү. Чынында күйөөмдүн жашоо шарты жакшы.

Ата-энеси кезинде чоң кызматтарды аркалап, заңгыраган үй-жай күтүшкөн. Күйөөм да алардын арты менен жакшы кызматта отурат. Маданияттуу, көзгө көрүнүктүү. Бирок, алгачкы нике түндөн кийин күйөөм мага жакындаган жок. Көбүнчө кызматтан мен уктап калганда келет. Өзүм амалданып, аны төшөккө тарта алган жокмун. Же балалуу болгум келет деп ачык сүйлөшө албайм.

Башында ден соолугу болбой жүргөндүр, жашы деле 45тен ашып калбадыбы, деп түшүнүү менен карадым. Бирок, акыркы айдагы жаңылыктар менин сезимимди суутуп койду. Күйөөмдүн биринчи аялынан бир уул, эки кызы бар. Балдарына каралашып турат. Ажырашуусуна кудалар тил табыша албаганы себеп болуптур. Биринчи аялы балдарын ээрчитип кеткен бойдон келбей коюптур. Эки-үч ай мурун күйөөмдүн досунун туулган күнү болду эле.

Жумуштан чыккандан кийин куттуктап барарын айткан. Мен да барам деген жокмун. Ал жакка биринчи аялын ээрчитип барыптыр, аны мага досунун аялы айтып, сүрөттөрүн да көрсөттү. Мейли, көп жыл катышып жүргөн достор бир кечеде отурушкан чыгар да деп койдум. Жакында аяштар чогуу отурганда күйөөмдүн мурунку аялынын боюнча бар экенин айтып беришти. Менин күйөөмдөн экен. Ыйлагым келди, ичим күйүп кетти. Күндөшүмдүн үйүнө бардым. Ал мени ачууланбай, жайбаракат тосуп алды. Ал “Мен кайра жарашпайм. Уулума шерик болсун дедим. Сен деле төрө, эч ким тоскоол болбойт. Ал экөөбүздү тең бага алат. Башка бирөөдөн эмес, бир эркектен төрөйүн дедим. Коркпо, мен силерди ажыраштырбайм” деп жолго салды.

Муну күйөөмө да, кайындарыма да айтпадым. Айта да албаймын. Ажырашып кетейин десем, өмүрүмдүн ортосунда кайда барам? Карыган ата-энем турмушка чыкканда аябай кубанышкан эле. Эми эмне кылам?

(Интернеттен алынды)

Аргумент.kg