Күйөөмдүн көңүлдөшүнөн өч алгым келет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бала кезде кошуна аялдын күйөөсу кетип калып көчө ызы-чуу болгон эле. Анда чон энем:”эр берген жан берген менен барабар,окууну бүтөр менен алакачып келип алды эле. Эми бешти туугандан кийин карыды деп башканы алып алыптыр”-дегени эсимде. Азыр ошол абалга өзүм түшүп отурам. Он эки жыл чогуу жашап, алты балалуу болуп, улуу кызым бой тарта баштаганга күйөөм башка аялдын үйүндө түнөп баштады. Өткөндө ал аялды күйөөм менен бир кафеде тамактанып турганын көрдүм андай деле эркек кызыкчудай сулуу келбеттүү эмес экен. Күйөөмдө айтып экөөбүз уруша кеттик. Ал болсо төшөктө сен бербеген ырахатты берет деп оозумду жапты. Күйөөм аныкына түнөп калган күндөрү уктабай чыкчу болдум. Ойлоно берип кээде эмне кылып жатканымды да билбей калчу абалга жетип бара жатам. Азыр мен ал аялдан өч алгым келип жатат.

Аргумент.kg