Күйөөмдүн башка аялы бар экен….

Күйөөмдүн башка аялы бар экен….

19-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Саламатсызбы суранычя чыгарып бериңизчи. Жашым 34тө 3 уулдун апасымын шүгүр. Барыбыз эл катары жашайбыз. Күйөөм балдарына жакшы карайт. Мамилебиз орто. Мурун ортого кайындар түшүп менден көңүлү калганын сезет болчумун. Бирок балдар үчүн жашап келдим. Жакында билдим башка аялга үйлөнүп андан 2 баласы бар экен. Эч Ким билбейт имиш. Ошонун менен жаша бизди тынч кой десем көнбөйт, ажырашпай экөөнү тен карайм деп. Чогу жашабайсынар башка үй алып берем ага дейт. Ажырашып кетсем деп балдарыма илинип отурам.Жашай берейин десем аш оору болгудай. Кандай кенеш бересиздер? Сиздердин араныздарда барбы ушундай сыноого кабылгандар?