Күйөөмдү жазалап, чорбойгон жерин кесип койдум…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акыркы үч жыл аралыгында күйөөм аябай өзгөрдү. Үйгө үч күндөп келбей калат. Жумушун шылтоолойт. Ишенип жүрө бердим. Мага көңүлү жок, өзүмдү сооротуп жашай бердим. Күндөр айга, айлар жылга айланды. Акыры башка сүйүктүү айым таап алганын да билдим… Ошол убакта андан өч алгым келди. Бирок Кудай баарын таразалап, кайра ордуна коёрун ички сезимимде туюп турдум. “Бугу чыксын” деп жөн койдум.

Күйөөм ошол өзүнө сезилген ырыстуу күндөрү менен үй-бүлөдөгү сыйын, аброюн жоготту. Мага бөлүшпөгөн баардык жакшы нерсесин бөлүшкөн ал сулуусу башканы, күйөөмдөн жашыраагын, байыраагын тандап кетиптир. Ушул да махабатпы?

Айрым эркектер көзү тумандап, жубайынын сыйын, жакшылыгын арзыбаган сулууларга алмаштырып, анан талаада калышат. Бул балким айрымдарга сабак болоттур (!) деп башымдан өткөндү жазып койдум. Кийин жолдошум мага келип, төшөккө киргенде жазалап, байкатпай чорбойгон жерин учунан кесип койдум…

Айзат 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg