“Күйөөмдү кантип үйгө кайтарам?”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кандай арга табарымды билбей калдым. Күйөөм менен жашаганыма алты жыл болуп калды. Үч балабыз бар, бактылуу эле үй-бүлө элек. Бирок күйөөм акыркы убакта башкача болуп калды. Күнү-түнү “жумуш” деп алдап, таптакыр эле үйгө келбей калган. Көрсө, башка аял менен жашап алыптыр. Учурда чогуу жашабай калдык. Көргөн тааныштарым “күйөөң башкача болуп калыптыр. Күйөөңө эмне болгон, башка бирөө башын айлантып алган го?” дешти. “Дубалатып алат” дегендерди укчумун. Ушундай аялга туш болгон го… Эми үч баланын убалы кимге? Аны канткенде үйгө кайтарам?

Аргумент.kg