Күйөөмдү биринчи аялы менен жараштырсамбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Саламатсызбы. Сизден сураныч чыгарып беринизчи . Муктажмын кеңешке. Биз жолдошум экөөбүздүн экинчи жашообуз Кечээ жолдошум экөөбүз уруша кеткенбиз. Мен өзүм кош бойлуумун үчүнчү балабызды күтүп атабыз буйурса. Өзүм оорлошуп араң эле жүрөм. Ошентсе да жолдошум тандыр нанын жакшы көрөт деп эрте туруп камыр кылып анын арасында иштеримди да бүтүрүп аткам. Жолдошум бир Жакка барам деп даярдынып калды.
Биринчи аялына барсан керек да бара бер деп күлүп койсом уруш чыгарып көңүлүмө тийе туурган сөздөрдү айтып салды
Жасап аткан нанымды да арам жасап атасында эч кимдин жегиси деле келбейт деди. Ал сөзү мага ушунчалык катуу тийди. Сен арамсын дегендей эле болду мага. Азыркыга чейин өзүмдү токто албай ыйлап атам ошол сөздү эстесем эле көзүмө жаш келип атат. Кечинде келгенде турбай койдум төшөгүн өзү салып жатты мен эки балам менен жатып алдым. Эми эмне кылсам эмне деп сүйлөсөм деп атам. Ошол биринчи аялын менен жарашып алчы мен арам болсом ал адал экен да десемби. Аноним

Аргумент.kg