Күйөөм жаңы жылды ким менен тосконун билип ыйлап жибердим

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жаңы жылды биринчи жолу жалгыз тостум. Жаман экен. Күйөөм таң атканда келди. Кызарган көздөрүм менен тосуп чыктым. Башын жерге салып турду. Жаңы жыл биз үчүн өзгөчө майрам. Үй- блөбүз менен чогулабыз. Бир күн мурун айылдан кайын энемдер менен апамдар келет. Аларды узатып, анан өзүбүзчө отурабыз. Эртеси достор менен жолугабыз. Айтор, төрт-беш күн майрамдайбыз. 30-декабрь кайын энемдер келишти. Аларды тосуп, эртеси айылга салдык. Дасторкон даярдайын десем продукт калбаптыр. Күйөөмө керектүү нерселердин тизмесин жазып бердим. Бекер жөнөтүптүрмүн. Жок. Саат 12 болоюн деп калды. Чалсам телефону өчүк. Оюма эмне деген гана нерселер келбеди. Балдарымды ойлодум. Жашырганда эмне, оюбузга дароо жаман нерсе келет эмеспи. Күйөөмдү өлтүрүп тирилттим. Ыйладым. Кайын энеме чалайын дедим, бирок аны аядым. Курбу кызыма жазайын дедим, кайра кой дедим дагы күтүп отурдум. Балдарым атасы жок салют аттыра албай, ыйлаган боюнча укташты. Аларды алдап торт берип, жомогун айтып уктаттым. Саат эки болду. Көзүм илинип кеттиптир. Эшик ачылганынан ойгондум. Күйөөм экен. Кызарган, шишиген көздөрүмдү көрүп, башын жерге салды. Унчукпай карап турдум. Анан шарт бурулуп бөлмөмө кирип кеттим. Аркаман келип жаныма отурду. Ыйлай бердим. Тиземен сылады. «Продукт алып базардан чыгып келаткам. Жолдон боюнда бар бир эже тосту. Бети- башы көгөргөн. Толгоосу дагы келип жаткан окшойт. Бейтапканага алып жөнөдүм. Күйөөсү кызыл камчы экен. Ичип келип катуу сабаптыр. Милицияга айталы десем болбоду. Ачуум келди. Кантип ушул кичинекей эжеге колу тийди деп ичимен сөгүндүм. Эже байкесинин номерин берип, балдары үйдө жалгыз калганын айтты. Байкесине чалсам албайт. Үйүнүн дарегин сурап жөнөдүм. Үйү муздак. Эки баласынан мурдунан суу агып тоңуп отурушуптур. Аларды машинага салып кайра бейтапканага жөнөдүм. Эженин боюнан түшүп калыптыр. Жаным, мен бир түндө эмнени гана көрбөдүм. Байкеси телефонун алды. Абалды айтсам азыр келерин айтты. Сени кабатыр болбосун дедим. Балдарга пакеттеги тамактарды берип, эженин байкесин кечке күтүп отурдум. Байкеси айылдан бери келиптир. Эже экөө кучакташып ыйлады. Эже экинчи ал жакка барбасын айтып, аны алып кетишин суранды. Байкеси мыкты адам экен. Балдарды өөп, эжеге баары жакшы болорун айтып, балдарды өзү менен алып кетти. Карындашын врачтарга дайындады. Кетип баратып, мага рахмат айтты. Мен андан бир гана нерсе сурандым. «Күнөөлүү жазасын алсын» дедим. Алат деп сөз берди. Жаным, балдарга боорум ооруду. Алардын көздөрүндө балалык жок экен. Жаңы жылды ошенттим тостум. Эмнеге адамдар мынча зөөкүр.» Ыйлап кирди. Ага кошулуп мен ыйладым. Жакшы иш кылганын айтып башынан сыладым. Мени катуу кучактап отурду. Жакын адамыңдын кыйналганын көрүү канчалык оор. Экөөбүз кучакташкан боюнча уктадык. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg