Күйөөм «уул төрөбөсөң кет»- деп жатат. Эмне кылам?

Күйөөм «уул төрөбөсөң кет»- деп жатат. Эмне кылам?

08-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева
Биздин баш кошконубузга он жылдын жүзү болду. Эки кыздуу болдук. Бирок акыркы төрт жылдан бери кош бойлуу боло албай, дарыланып келем. Акыркы убакта күйөөм кичине ичип келсе эле «эркек бала төрөбөсөң кет» деп ачык айта баштады. Күн санап экөөбүздүн ортобуз муздап баратат. Уул төрөй албай жүрөм, бирок эки кызыбызчы? Кыз бала эмеспи? Күйөөмдүн өзүмчүлдүгү жанымды кейитип баратат.
Гүлнура