Күйөөм түрк бирок өлсөм сөөгүм өз жериме коюлбай калабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жорлдошум түрк. Аны менен баш кошуп жашаганыма 18 жылдын жүзү болду. Экөөбүз Германиядан таанышып, баш кошконбуз. Эки уул бир кыз тарбияладык. измирде жашаганыма 15 жылдын жүзү болсо деле түшүмө туулуп өскөн айылымдын боз топурак чаңызгыган көчөлөру кетпейт. Бир уулумду атайын кыргызстандан барып иштеп кел деп бир жылга жиберсем ал жакта жумуш жок деп кайра кайтып келе берди. Оюмда уулум кыргыз кызын сүйуп калса мага караан болот беле деп ойлогом. Университет аны жумушка кабыл алганы менен анын жан дүйнөсу тартпай койду окшойт. Акыркы кезде көп ооруй баштадым. Жолдошум мени тынбай ооруканага жеткизип тынчсызданганы менен өлум калсам сөөгүм кыргызстанга коюлбай калабы?- деген суроо мени ичимдеп жей берчү болду. Жолдошум жакшы адам, балдарымдын жанында бактылуумун бирок мекениме болгон кусагыктан улам ооруп жатам.

Аргумент.kg