Күйөөм төрт эрден чыккан беш балалуу аял менен жүрөт…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жолдошумду жеңил ойлуу келин тартып алды. Балким мен өзум күнөөлүдүрмүн. Жолдошум да мен да дайыма жумуш менен үйгө кеч келип эле уйкуга кетебиз. Мен кошо иштебесем балдарымдын окуусун төлөөгө кудуретибиз жетпей калат. Башкалардай кылып эле балдарыбызды билимдүү кылууга аракет кылабыз. Мына ошентип тынбай иштейм деп жолдошумдун ала жипти аттап жүргөнүн билбептирмин. Мындан бир жума мурун жолдошум жумуштары менен Ысык-Көлгө кеткен.  Өткөндө инстаграм барачамды  карап жатып күйөөм менен кучакташып отурган бир келиндин сурөту көзүмө түштү. Ал аккаунтка кирсем күйөөм экөөнүн бир топ сүрөттөрү бар экен. Көрсө алар бир жылга чукул бирге жүрүшүптүр. Ага күйөөм машина да алып бергенге жетишиптир. Сураштырып жатып ал келиндин ким экенин да тактадым. Беш баласы бар экен буга чейин төрт жолу турмушка чыгыптыр. Андан да Берен голддон соода орун алып берип жатыптыр. Өткөндө үйүнө барып, чыр салып жолдошумдун да абирин кошо төгүп келдим. Ушунча барган эми ажырашсамбы? Күйөөмдү кантип кечирем?

Аргумент.kg