Күйөөм талагын берди, эми үйлөнө элек балага тийсем өкүнүп калбаймынбы?

Күйөөм талагын берди, эми үйлөнө элек балага тийсем өкүнүп калбаймынбы?

10-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламтсызбы.  Турмушка чыккам . Боюмда бар болгондо ажырашып кеттик. Бирок эмне болуп ажырашып кеттик баары билет бир айыл болгон үчүн. Аны айткым келбейт . Бирок менден кеткен жок, аны күйөөм дагы кайын журт дагы билет. Ошентип төркүндө төрөдүм , кыз төрөп алдым шүгүр . Кызым 6 жарым ай өзүм 20дамын . Күйөөм менен талагын да сурап алдым жакында эле . Кызга да бир кабар алган жок бир айыл болсок да . Эми менин күйөөгө тийгенчекти сүйлөшүп дос болуп жүргөн балдар бар болчу андай баарында эле болсо керек жаш кезде. Үйлөнө элек бала колумду сурап атат кызым менен алам дейт . Азнр дагы памперс кызга даары пары алып келип берип турат . Мындай карасам жаман ою жок. Жумушу бар үй жайы бар үйлөнө элек бала. Апасы эжеси эле бар эжеси турмушта . Ал дагы ажырашып 1 кызы менен үйлөнө элек бала турмушка чыккан экен. Апам сага каршы эмес биздин баштан өткөн дейт . Бирок мамилеси аябай жакшы характери да жакшы. Эми үйлөнө элек балага тийсем кийин өкүнүп калбаймынбы ? Же ажырашып кеткен эле бала теңим болобу? Ушундай болуп күйөөгө тийип бактылуу жашап бетине салбай жашап келе жаткандар барбы? Чыгарып беринизчи суранам кенеш алгым келип жатат аябай Зар болуп атам суранам