Күйөөм суук кабар угузду, «мен барбайм башканы таап алдым» дейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жолдошум менен бирге жашаганыбызга 5 жыл болду. Эки балабыз бар, дагы кош бойлуумун. Бүгүн-эртең деп турам. Жолдошум алыс жакта иштейт. Көптөн бери мага көңүлү жок болуп жүргөнү билинип аткан, бир аз карызыбыз бар эле, ошондон кутулуш үчүн ошол жакка иштегени кеткен. Балдар менен жалгыз калып, көп эле кыйналдым. Алар да куса болуп башташты, «эптеп чыдап тургула, мен деле силердин жаныңарда жүргүм келип атат, карыздан кутулуш керек болуп атпайбы» деп атса ишенгем. Боорум ооруп, аны аягам. Кыйналсам да шартына көнүп жүрдүм. Эми ушул айдын аягында жумушу бүтүп келмек. Анан эле кечээ мага суук кабар угузду: «Мен барбайм, бул жактан бирөөнү таап алгам, ал кош бойлуу» дейт. «Жашайм, макулмун» десең, мен экөөң менен тең жашайм» дейт. Мен өзүмдү жоготуп, ыйлап, көп нерсе айттым. Жалындым, алдадым, болбоду. Мен эми кандай кадамга барам?… Айгүл

Аргумент.kg