Күйөөм ойношума машина  алдырып алайын анан таштайм дейт

Күйөөм ойношума машина алдырып алайын анан таштайм дейт

12-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Саламатсыздарбы .Маселе күйөөм мамилеси жакшы эле мага , бирок өтө тез жинденет. Күйөөм телефондон көп сүйлөшөт келиндер менен  бул туралуу көп урушканбыз . Үй-бүлөсү бар экенин билип туруп сүйлөшкөн келиндер арасында чон аялдарда бар .Азыр бир күйөөсү жок аял менен сүйлөшүп урушуп жүрөбүз , ал аял азыр Москвада . Мен телефондон ал менен  урушуп, ал угуп койгон жок .»Эмне десен баарына макулмун , экинчи аялың  болсом. Сага акча салып турам,  унаа алып берем»-деп жазыптыр. Күйөөмө айтсам ал унааны алдырып алайын анан таштайм дейт. Азыр эмне кылсам? 4 балам бар кетип калсам каякка барам?