Күйөөм мени көзгө илбей жаш кыздарга тийише берет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмуш курганыбызга жети жыл болсо да күйөөмдүн бир кылыгы калбады мен да кабыл ала албай келем. Ортодо эки балабыз бар. Экөөбүз тең иштейбиз. Үйдө күйөөм камкор ата кызы менен уулунун айтканын эки кылбайт. Кудайга шүгүр орто жашайбыз. Бир жаман бери күйөөм тойго барганда сөзсуз кызуу болумуш болуп жаш кыздарга тийишип, алардын телефонун ала берет. Башында кызганычтан улам урушуп да жүрдүк. Барган сайын күйөөм тойдо алган телефон ээлерине чалып менин көзүмчө деле ал ахыбалын сурай берет. Кээсине болсо чай ичели дейт. Ан сайын ичимде кара таруу айланбай тырышып калам. Студент кезде жолдон жолугуп калган цыган аял күйөөң кыз жандуу болот, жакшылап карабасаң башкага тартырып ийесиң деген. ошонусу оюмдан чыкпай жатат. Канткенде күйөөгө башкаларга көз салганды токтотсо болот?

Аргумент.kg