Күйөөм мени боексуз көрүп «таштап кетем» деди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен анча өңдүү-түстүү эмес төрөлүп калган экем.Бирок жогорку окуу жайга кирээрим менен  ал кемчилигимди жоюп баштадым.Өңүм серт болгону менен фигурам аябай жакшынакай.Төшүм да,жамбашым да ордунда.Өзгөчө чыпыйган шым кийип алсам,эркектин баары сөзсүз бир карап өтүшөт.Анан өңүмдү жасатканымда жакшы визажист эжеге туш келдим.Ал өтө боенбоону анан жасалма  экени билинген узуун кирпик такпоону сунуштады.Иши кылып кымбатыраак алса да,табигый өңдөн айрымалаңбаган сулуу кылып чыгарды.Бат эле жигитим менен тааныштым.Ал жанымдан чыкпай калды.Эки айдан кийин үйлөндүк.Үй-бүлөлүк жашоо башталгандан кийин деле өңүмдү көп байкатпай жүрдүм.Ал үйдө бар кезде душка түшүп өңүмдү жылмалап анан чыгам.Бир жолу айыбым ачылды.Ал кечки саат 7ден эрте келчү эмес.Мен болсо саат экилерде душка түшүп,кирпигимди алып,бетимдеги макияжымды баарын жоготуп, кымбат сүлгү менен оронуп алып комнатага чыксам,күйөөм отурат.Чочуп кеттим,ал болсо мени карап,көзү алайып,катыган бойдон эле туруп калды.Бирок жаман сөзү айтып эч шек алдырган жок.
Бирок ошол убактан баштап күйөөмдүн мага мамилеси күнүгө 5 проценттен болсо да,өзгөрүп отурду.Баягыдай өлүп талып өпкүлөп ,кучактабайт.Укмуш сөздөрдү да көп арнабай калды.Жеңем айтты эле: «Эркек сууп баштаса,бөлөк жактан аял таап алды»-деп эсептей бер.Меники тапты окшойт .Менин чочуганым биз ажырашууга жакындашып бараткандайбыз.Мен кайгырып жүрөгүмө да тамак баспай калды.Бир гана үмүтүм эки жума мурун боюма буткөнүм билдим.Балким ошол наристе менин үй-бүлөмдү сактап калаар.
 

Аргумент.kg