Күйөөм менен бир аялдын уят каттарын көрүп өзүмө келалбайтам. Эмне кылсам болот?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы! Турмушка чыкканыма бир жарым жыл болду. Бир ай мурун уулду болдук. Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп, сүйүшүп баш кошконбуз. Мага кылган мамилеси жакшы, ичпейт, кол көтөрбөйт. Кайын атам менен кайын энем дагы сонун адамдар. Болгону, бизде төшөк маселеси жок. Сурасам кош бойлуулук учурда жатканга болбойт деп коет. Жакында телефондон бир аял экөө укмуш уят сөздөр менен жазышканын билдим. Көрүп алып өзүмө келалбайтам. Кантип ушул жолго барды? Мени сүйсө муну кылмак эмес. Алдап башка менен жатып жүргөн окшойт. Кармап калган жокмун, каттарын окуп ушундай ойго келдим. Ажырашып кетсемби? Кантип жашайм? Жүрөгүм муздап калды. Кеңеш беринизчи. http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg