Күйөөм менен ажырашып жашоодон балдарым менен кыйналып калдым
15-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы Аргумент.кж сайты сураныч катымды чыгарып бериңизчи. Менин башка аргам жок болуп жатат,күйөөм менен урушуп кетип,анын кордугуна,урганына башка чыдабай балдарды алып кетип калгам.Болгон акчама батирге чыгып алгам,жакшы эле 2 ай жашадым акчам жетип,жаткан.Эми болсо кризис башталып январ айы бош отуруп калдым.Балдарым кичине бирөөсү 3 жашта,бирөөсү 1.5 жашта.Мен иштеп жатканда кошуна эже карап берип турчу,ал эже дагы көчүп кетти.Эмне кылаарымды билбей жатам, кеңеш бериңизчи мүмкүн бирөө жарым жардам бергиси келип жатат.