Күйөөм мага кол көтөрүп адам катары көрбөйт

Саламатсыздарбы менин да жазганымды чыгарып бериниздерчи.Турмушка чыкканыма 4 жыл болду Кудайга шүгүр 2 уулум бар,бирок жолдошум акыркы күндөрү көп кол жумшачу болду.Ичпейт соп соо туруп эле айтышып кетсек эле өзүн кармай албай чаап жиберет,болгондо да башка.Кийинки күндөрү башым көп ооручу дагы болду.Жогорку окуу жайды Кызыл менен бүттүм,мектепте иштеп жатып жумушка чыктым,кийин төрөп үйдө отуруп калдым ,ага карабай жардам болсун деп үйдө отуруп крой алып үйдө иштейт,эки баламды тең өзүм карайм ага карабай кол көтөрөт,колунан эч нерсе келбейт деп басынтат.Ажырашып кетсемби же балдарым үчүн чыдап жашоо керекпи билбейм башым катты.Урушкан сайын кет мен сенден тажадым дейт.

Аргумент.kg